Салттуу музыканын алып жүрүүчүсү, комузчу, актриса Гүлнур Асанова кичи ажылыкка барып келди. Бул тууралуу ырчынын курбулары ыраазычылык билдирүүлөрүн калтырып, зыяраты кабыл болсун дешкен.
Умра сапары тууралуу Гүлнур Асановага байланышканыбызда, ал зыяратка барганын ырастады. "Ооба, умра сапарына барып келдим. Бирок бул тууралуу коомчулукка жарыялагым келген эмес", - деди ал.