Мамкаттоо кызматынын 40 өкүлүнө кылмыш иши козголуптур
Кыргызстанда Мамлекеттик каттоо кызматынын 40 кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Муну бүгүн, 23-августта маалымат жыйын берген аталган мекеменин кадастр жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо департаментинин башчысы Нарынбек Исабеков айтты. Анын билдиришинче, 8 кылмыш иши аталган департаменттин өкүлүнө козголгон, бирок азырынча сот чечими чыга элек. 2 иште кылмыштын курамы жетишсиз болгондуктан токтотулуптур. "Биз мыйзам бузган кызматкерлерибизди жашырбайбыз. Эреже буздубу, жазасын алсын",- дейт Исабеков.