Казакстандын Нур-Султан шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр, тагыраагы, 18 жашка чейинкилер жол кире төлөбөйт. Бул тууралуу "Астана LRT" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын төрагасы Бекмырза Игенбердинов билдирген.
"Казакстанда 7 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр жол киреге 40 (7 сом 35 тыйын) тенгеден төлөшөт. Бирок мыйзамга ылайык, жол кире акысы 45 тенге болуш керек. Ал эми 15 жаштан жогорку өспүрүмдөр 90 (16 сом 55 тыйын) тенгеден төлөйт. Көп балалуу үй-бүлөлөрдө балдардын жол кире акысы чоң маселе. Мындан улам жүргүнчү ташуучулар ушул жылдын 28-мартынан тарта 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө коомдук транспортто жүрүүнү акысыз кылуу чечимин кабыл алышты", - деп билдирген Игенбердинов.
Өспүрүмдөрдөн тышкары коомдук транспортто майыптар, ардагерлер, эмгек өргүүсүндөгүлөр жана көп балалуу энелер акысыз жүрө алышат. Коомдук транспорттордун кызматын акысыз пайдалануу үчүн атайын жеке карталарды алуу керектелет деп айтылат маалыматта.