Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыгып, ишти Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.
Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.
Аталган иш боюнча алдын ала угуулар 2-мартта саат 09:30га белгиленди. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.
"Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн позициясын билдирди. Ал алдын ала угууларга катышууну, мыйзамсыз иштерге, укуктук зомбулуктарга каршы күрөшкөндөрдүн жанында болууну ниет кылууда", - дейт ал.