Улуу Британияда аялы күйөөсүнө 30 жыл бирге жашаганы үчүн парашют белекке берип, жолдошу аны менен секирем деп каза болду

Улуу Британиянын Норт-Йоркшир шаарынын жашоочусу Американын Аризона штатында парашют менен секирип каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 55 жаштагы Кристофер Суэйлс 53 жаштагы аялы менен Америкага эс алууга барган. Алар бул эс алууну өздөрүнүн үйлөнгөнүнө 30 жыл болгонуна арнашкан.

Кристофер Суэйлске аялы 30 жыл чогуу жашагандыгы үчүн парашют белекке берген. Жолдошу инструктор менен бирге парашюттан секирип, бирок алар кулап түшкөн. Мындан улам 55 жаштагы жаран ошол жерден каза болуп, ал эми инструктордун буту сынган.

Американын полиция кызматы каза болгон жаранга жыртылып калган парашют берилиши мүмкүн деп билдирген. Ошондой эле анын өлүмүн кокустук деп баалашкан.

Ал эми парашют саткан компания ал эч кандай жыртык болбогонун айтып, сатып жатканда бир канча жолу текшерилгенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gabiku
2020-02-28 13:50:37
Байкуш десе,подарок бербей эле койбоптур, же башка нерсе бербептир
+4
Jelezo
2020-02-28 20:17:21
Күйөөсүнөн кутула албай жүргөн экен да.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан