Англиянын "Ливерпуль" командасынын башкы машыктыруучусу Юрген Клопп анын командасына испаниялык "Реал Мадрид" жана "Барселона" командалары коркунуч жарата турганын айтты. Бул тууралуу башкы машыктыруучу англиялык "The Independent" газетасына берген маегинде билдирген.
"Реал Мадрид" жана "Барселона" клубдарына чакыруу түшсө көпчүлүк оюнчулар жок деп айта алышпайт. Бул көрүнүш биздин командабызга коркунуч жаратат. Мен ойлойм, "Ливерпуль" командасы эң мыкты командалардын бири. Бирок жер шарынын көпчүлүк бөлүгүнө бул эки команда кеңири таанылган. Ошон үчүн "Реал" жана "Барселонадан" биздин оюнчуларыбызга чакыруу түшүп калбасын деп коркобуз", - деп билдирген башкы машыктыруучу.
Маалыматка ылайык, "Ливерпуль" командасы Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында испаниялык "Атлетико Мадрид" клубу менен жооптук беттешин 12-март күнү өз үйүндө ойнойт. Бул эки команданын биринчи беттеши 1:0 эсебинде испаниялык клубдун жеңиши менен аяктаган.