Блогер Сыдыман үй камагына чыгарылды

"Сыдыман" каймана аты менен коомчулукка белгилүү болгон Элмир Сыдыманов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 28-февралда чыкты.

"Сыдыман" каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь РИИБинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Absamat-90
2020-02-28 10:40:59
Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө.
+9
MAKALAK
2020-02-28 10:46:22
Неге бошотту акчасын алыштыбы не деген сөздөрдү айтты эле камаш керек эле эч болбосо 2жыл
+9
Tolik777
2020-02-28 10:47:45
Ох атан, жакшы эле кенейтишсе керек ...
+4
Asula
2020-02-28 10:55:06
Блоггер болуп тапкан акчасынын учун корсотуп койду да. Акчага сатылышты.
0
bond02
2020-02-28 10:57:26
Уй камагынар качан жоголот озу.
+10
NURSAPAR
2020-02-28 11:49:25
Эми ойлонуп сүйлөп калса керек.
+1
Nadiko_93
2020-02-28 13:40:21
Камаш керек деп айта берген оной, ал жака адам эмес, иттин күчүгү да түшпөсүн. Эки ооз сөз үчүн жаркыраган баланын келечегине балта чабылыш керек эмес да. Суракка чакырыптыр, эми катасын түшүнгөндүр. Жанталашып эле, камалсын деген адамдар. Тим эле Сыдыман камалып кетсе эле, жалпы кыргыз эли эч качан бөлүнбөй, ошол мн эле, бүт көйгөйүбүз чечилип калчудай.
+2
kuttubekuzgen
2020-02-28 14:24:53
Nadiko_93,койгой чечилбесе дагы кичине пайда бермек элге, эми озун ойлонуп кор бул баланы чыгарып салды, эртен эми башкалары чыгат оштук чуйлук деп себеби билип калыштыда камабайт экенин, эгер бул баланы жестко эле камап салса анда башкалар коркуп калышмак. А так мин жолу жаркыраган балабы периштедей балабы ал кызыктырбайт 6 миллион эл учун бироону курмандыкка чалып койсо туура эле болмок.
+3
kamchatka
2020-02-28 14:22:10
Сыдыманды бузуп коюшуптур сизодо
+6
Center
2020-02-28 19:55:36
kamchatka, Жакшы болуптур, бузганы болсун жана бузулганы болсун.
+1
Aia1219
2020-02-28 14:47:47
Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт.Элмир жаштык кылды.кийинки жашоосуна чоң сабак алды деп ойлойм.Түбөлүгүңдү түз кылсын.
+2
Baktyluumun98
2020-02-28 18:05:28
Канча кун жатты экен?
0
Baktyluumun98
2020-02-28 18:07:26
Туй атта, 10 кун эле жаткан турбайбы. Жок дегенде бир ай калтырса болмок.
0
Milduri
2020-02-28 18:08:07
Эми Ойноп сүйлөсөң да ойлонуп сүйлөп жүр, ар бир элде өздөрүнүн диалекти бар, андай бөлбөй адам болуп жүр!!!
+1
Jelezo
2020-02-28 20:19:20
Апасынын баласы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан