UFC уюмунун чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Тони Фергюсон анын карьерасындагы эң күчтүү атаандаш экенин айтты. Бул тууралуу америкалык "TMZ" басылмасы жазып чыкты.
"Менин бардык өткөргөн беттештеримдеги мушкерлер Тонидей күчтүү эмес экенин билем. Тони менен болгон беттеш мага мотивация берет. Фергюсон ар дайым менин күчтүү атаандашым бойдон кала берет", - деп билдирген орусиялык мушкер.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы Хабиб Нурмагомедов менен 35 жаштагы Тони Фергюсондун беттеши UFC 249 турниринин алкагында 18-апрелде Нью-Йорк шаарындагы 19 миң көрүүчү бата турган "Барклайс-Центр" спорттук аренасында өтөт.