Өзгөчө болом деп... Көзүнүн агына татуировка жасатам деген модель көрбөй калды

Польшалык модель Александра Садовски көзүнүн агын кара түскө боётом деп көрбөй калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

25 жаштагы Александра Садовски 4 жыл мурун көзүнүн агын рэп аткаруучу Попектен таасирленип кара түскө боётууну чечкен. Ал кайрылган татуировка жасаган мастер мурун мындай өзгөчө процедура кылбагандыктан, кыздын көзүнө териге колдончу татуировка боёгун сепкен. Александра көзүнүн ооруганын айтып арызданса, татуировкачы бул нормалдуу көрүнүш, ооруну басаңдатуучу дары ичип тур деген кеңешин берген. 4 жыл аралыгында Садовскинин оң көзү көрбөй, кийинчерээк сол көзү начарлап баштаган. Дарыгерлердин айтымында, ийгиликсиз жүргүзүлгөн процедурадан соң кыздын көрүүсүн калыбына келтирүү мүмкүн эмес жана ал мындан кийин толугу менен сокур болуп калышы мүмкүн.

Көп жылдан бери келаткан сот иштери жыйынтыкталуу алдында турат. Татуировкачы адамдын денесине байкабастан залака келтирип алган деген жүйө менен 3 жылга кесилүүсү күтүлүүдө. Бирок татуировкачы күнөөсүн моюнуна албай келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tolik777
2020-02-28 13:00:06
шайтандай болгон акмак дессе
+8
rysik79
2020-02-28 13:00:59
Кудай сакта.
+5
ziash85
2020-02-28 13:02:26
Адамдар эмне эле болуп баратышат?ушу кудай берген жакшына көзгө суктанып,жашоодон ырахат алып жүрө бербейби дейм да...эх аттиң ...мен көзүмдүн жакшы көрүүсүн самап,тунук көргөн көздөргө суктанып келем го(((
+6
Aimani
2020-02-28 17:44:49
Башын иштебесе колу бутуна күч келет дечу эле, бул вообще сокур болуп алыптыр.
0
aerforce
2020-02-28 18:18:08
Озгочо болуптурда эми
+1
ZUXRIDDIN20
2020-02-28 20:18:32
Ээнең тозокулар, оюна келгенин кылаберет экенда
0
Isikkolumkeremet
2020-02-29 13:19:13
Артык кылам деп тыртык кылыптыр.
Жаратканым сулуулук берип мээ берген эмес окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан