КРнын Куралдуу күчтөрүнүн алдындагы Аскер институтунун аянтчасында окуу жайдын 80дей курсантынын ант берүү аземи болот. Иш-чара 24-августта өтүп, ага коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов катыша турганын аталган мекеме кабарлады. Курсанттардын ата-энелери, жакындары жоокерлердин окуган жана жашаган жерлери менен таанышып чыгышса да болот. "Ант берүү аземинде салтка айлангандай окуу жайдан эшиги бардык жарандар үчүн ачык болот",- деп билдирет Коргоо министрлигинен.