Бүгүн, 28-февралда Кыргыз футбол союзунун Аткаруучу комитетинин кезексиз өткөрүлгөн жыйынында Премьер-Лиганын жаңы сезонунда катыша турган командалар бекитилди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Премьер-Лиганын жаңы сезонуна катыша турган 9 команда:
1. "Алга" (Бишкек);
2. "Алай" (Ош);
3. "Дордой" (Бишкек);
4. "Абдыш-Ата" (Кант);
5. "Кара-Балта" (Кара-Балта);
6. "Нефтчи" (Кочкор-Ата);
7. "Илбирс" (Бишкек);
8. "Каганат" (Ош);
9. "Лидер" (Ысык-Көл).
Ошондой эле жыйында чемпиондуктун регламенти бекитилип, эки этапта өтө турган болду. Биринчи этапта 9 команда алгачкы үч айлампада бири-бири менен ойношот. Экинчи этапта чемпиондукта алдыңкы 4 команда финалдык баскычка чыгып, эки айлампада бири-бири менен ойнойт.