Голливуд жылдызы Арнольд Шварценеггер үйүндө кодолек багууда. Актёр жакында кодолеги менен кеңсеге бараткан видеону социалдык баракчасына жүктөгөн.
Видеодо актёр Лулу аттуу кодолегин жетелеп кеңсесине барганын көрүүгө болот. Кодолектин жанында Арнольд Шварценеггердин мурун багып алган пониси да жүрөт. Маалыматка ылайык, ал Виски аттуу понисин 10 жыл мурун багып алган. Ал эми Лулу актёрдун үй-бүлөсүнүн жаңы мүчөсү болду.