Мамкаттоо кызматынын Жалал-Абад облусундагы тез арада документ даярдап берүү бөлүмүнүн кызматкерлери өлгөн адамдын атына ID-карта жана чет өлкөгө чыгууга керектүү паспорт даярдап беришкен. Факты боюнча кылмыш иши козголгонун Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы билдирди. Паспорт 1995-жылы эле өлгөн Д.Ш. аттуу адамдын наамына жазылып, аны И.Г. аттуу айым колдонуп жүргөн. Факты боюнча иликтөө жүрүп жатканы айтылды.