Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков кечээ, 28-февралда кичи мекени Нарын облусуна барды. Улукбекти жердештери салтанат менен тосуп алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына иш-чараны уюштуруучулардын бири актёр Бакыт Тынайбеков билдирди.
"Улукбекти биз Нарын шаарынын кире беришиндеги Эки мышык деген жерден 10-15тей жол тандабас менен тосуп алып, Нарын шаарына чейин кортеж менен кирдик. Улукбекке Нарын элинин атынан деп Нарын MMA федерациясынын президенти Нурлан Омукеев BMW X5 автоунаасынын ачкычын тапшырды. Мындан тышкары Улукбек Жолдошбековго демөөрчүлөр тарабынан 400 миң сом, Нарын шаардык кеңешинин атынан 100 миң сом жана Нарын шаардык мэриясы тарабынан 70 миң сомдун сертификаттары тапшырылган. Улукбек Жолдошбековго Өкмөттүн Нарын облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов "Нарын облусунун ардактуу атуулу" наамын тапшырды", - деп билдирди Тынайбеков
Эске салсак, Улукбек Жолдошбеков Индиянын Нью-Дели шаарында 18-23-февралда өткөн Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмакка чейинкилер арасында алтын байгеге ээ болгон.