Баракелде! Комузчу менен балалайкачынын жарышы алкоого татыды

Аптанын аягында Москвадагы Мамлекеттик Кремль сарайында өткөн Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын Эриш-аркак жылынын ачылыш аземинде комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу менен балалайкачы Александр Николайчуктун улуттук аспап менен жарышы элдин алкоосуна татыды. Видеодон эки өнөр адамы тең аспапта чеберчилик менен ойногонун көрүүгө болот.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков 27-февралда Москва шаарында Владимир Путин менен жолугушкан. Анда мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-орус мамилелеринин өнүгүүсүнүн актуалдуу багыттары менен келечегин талкуулап, кечинде Мамлекеттик Кремль сарайында эки өлкөнүн чыгармачыл адамдарынын коштоосунда чоң концерттик программа уюштурулган.

Комуз VS балалайка. Комузчу менен балалайкачынын жарышы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KG-zigit
2020-02-29 17:22:21
Баракелде!
+4
aydinnur
2020-02-29 18:45:51
Абдан сонун аткарышыптыр!
+3
gute
2020-02-29 19:30:19
Эн сонун кулак сергип калды ))
+3
make2
2020-03-01 00:32:47
Азаматтар талантыңарга таазим!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан