Бишкек - Ысык-Ата унаа жолуна 10 тонна мазут төгүлдү. Жабыркагандар жок
Бишкек - Ысык-Ата унаа жолунун 10-чакырымында, "Кант" мунай базасында 10 тонна мазут төгүлдү. Окуя 23-августта эртең менен болгонун ӨКМдан кабарлашты. Ишкана өкүлдөрү 200 тонна муздак мазуттун үстүнө 60 тонна ысык мазутту куюшмакчы болушкан. Бул учурда химиялык реакция жүрүп, мазуттун бир бөлүгү төгүлүп калды. Окуядан өрт кырсыгы чыккан жок, бирок өрт өчүрүүчүлөр ал жерде күзөттө турушат. Жабыркагандар жок, аймак курчоого алынып, төгүлгөн зат атайын техниканын жардамы менен тазаланууда.