Лондондо "Маш ботойду" жаңырткан "Мурас" тобу учурда Улуу Британиянын шаарларын кыдырып, нукура кыргыз музыкасын тартуулап жүрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Гүлзат Байзакованын уулу Эмил Ишенбек уулу айтып берди.
"Беш өнөрпоздон турган "Мурас" фольклордук ансамбли 3 жыл мурун түзүлгөн. Ата-бабадан калган улуу мурасыбызды бурмалабай эски нукта сактап, келечек муунга өткөрүп берүү жана өзүбүздүн музыка урпактарга татыктуу мурас болуп калсын деген максатта атыбызды "Мурас" деп койгонбуз. Ансамблдын курамында негизинен Акай Айдаралиев (урма аспап), Темирлан Совет уулу (үйлөмө аспап), Шеркул Шерик уулу (комуз жана үйлөмө аспап), Айсаана Оморова (комузчу жана ырчы) жана мен кыл кыяк жана комузда ойнойм.
Бул жолку сапарыбызда биз Британиядагы Кыргыз элчилиги жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган Кыргыз өлкөсүндөгү туризмди өнүктүрүү жана чет өлкөгө жайылтууга багытталган "Road Show" фестивалына катыштык. Алгачкы сапарыбыз Лондон шаарынан башталып, Манчестер, андан өтүп Шотландиянын борбор шаары Эдинбургда бүттү. Иш-чаралар, концерттер мыкты деңгээлде уюштурулду. Лондондун Букингем Хан сарайынын алдынан Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсүн ойногонубузду көргөн эл баалап, аябай жактырышты", - дейт Эмил Ишенбек уулу