Суктануу гана керек! Люксембургда коомдук транспорттор элди бекер ташыйт

29-февралдан тартып Люксембургда коомдук транспорт элди бекер ташууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Люксембург бийлиги 29-февралдан тартып жашоочуларына ушундай ыңгайлуу шарт түзүп берди. Мындай чечим автожолдордогу тыгынды азайтып, ар бир жашоочуга жылына 100 евро үнөмдөөгө жардам берет. Жол кирени жокко чыгарганга чейин Люксембургда жумушчулардын 35 пайызы автобус менен, 19 пайызы поезд менен каттачу. Коомдук транспорттордун билеттеринин сатыгынан жылына 41 миллион евро өлкөнүн бюджетине түшүп келген. Өлкөдө учурда 614 миң туруктуу жашоочу бар жана 200 миңге жакыны кошуна өлкөлөрдөн - Бельгия, Франция, Германиядан келип иштешет.

Белгилей кетсек, Люксембург дүйнө жүзүндө элди коомдук транспорттор менен бекер ташыган жалгыз өлкө болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eden-Hazard
2020-03-01 23:40:16
Бизге жомок. Илгери илгери бир Люксембург деген мамлекет болгон экен, Ал өлкөнүн мыйзамдары жакшы иштеп, эл да жакшы жашоодо жашап мыйзамга баш ийген экен. Ал мамлекетте элди коомдук транспорттор бекер ташуучу ....... Аягы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан