ЖЫЛНААМА, 1-МАРТ: 30 жашка чыккан ырчы Аваз Акимов: "10 жылдан бери биринчи жолу туулган күнүмдү апамдын жанында өткөрүп жатам"

Эстрада ырчысы Аваз Акимов бүгүн, 1-мартта 30 жашка чыкты. "Өзүмдү чоң кишидей сезип жатам" деген ырчы мырза менен бүгүнкү пландары менен бөлүштүк.

"Быйыл 30 жашым мен үчүн өзгөчө болуп жатат. Анткени 10 жылдай болуп калган, туулган күнүмдү шаарда өзүмчө тосуп келчүмүн. Бул ирет апам да жанымда. Эсимде, студент кезде туулган күнүмө досторду, тааныш кыздарды чакырганымда эч ким келбей койгон. Акчабыз деле жок болчу, Илгиз досум (ред. ырчы Илгиз Абдалиев) экөөбүз болгон нерсени дасторконго коюп тосконбуз. Кудайга шүгүр, акыркы 3-4 жылдан бери туулган күнүмдү жалгыз тоспой калдым. Былтыр биринчи жолу Айдана экөөбүз үй-бүлө статусунда тоскон элек, быйыл буюрса, эки башыбыз үчөө болуп, катарыбызга Ариана кызыбыз кошулду. Негизи Айданага алдын ала туулган күнүмө сюрприз уюштуруп, белек албай эле кой деп эскерткем. Болбой эле ал бир нерсени ойлонуп жатат окшойт (күлүп)", - дейт Аваз.

Аваз Акимов Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуган.
Чыгармачылыкта жүрүп жубайы Айдана Деканы жолуктурган.

Ырчылар көп жыл бою кыз-жигит мамилесин жашырып жүрүп, акыры ачыкка чыгып, баш кошушкан.
Жакында гана Аваз менен Айдана Ариана аттуу кыздуу болушкан.

1-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан