Футбол боюнча Испания чемпиондугунун алкагында "Реал Мадрид" командасы өз үйүндө "Барселонаны" утуп алды

Бүгүн, 2-мартка караган түнү футбол боюнча Испания чемпиондугунун 26-турунда мадриддик "Реал" командасы менен каталондук "Барселона" командасы кез келди. Беттеш кызыктуу болуп, "Реал" командасы өз үйүндө 2:0 эсеби менен жеңишке жетишти. Оюндун 71-мүнөтүндө бразилиялык 20 жаштагы Винисиус Жуниор эсеп санын ачса, 91-мүнөттө алмашууга чыккан оюнчу Мариано Диас эсеп санын 2:0гө айлантып, оюнга чекит койду.

Бул жеңиштен кийин "Реал Мадрид" командасы 56 упай менен турнирдик жадыбалдын сап башына чыкса, "Барселона" командасы 55 упайы менен экинчи орунда.

Кошумчалай кетсек, бул "Эль Класико" беттешине "Реалдын" мурунку оюнчусу, учурда "Ювентус" клубунда ойногон Криштиану Роналду конок катары келди.

"Реал" - "Барселона" беттеши
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Syimyk.isaev
2020-03-02 10:11:21
Хала Мадрид!
+2
Kyrgyz40
2020-03-02 11:57:29
Барселона жакшы ойнойду Реал дагы, голкиперлергеда базар жок сейв кылышты, бул куну Реалдын жолу болуп кетти.
+4
ArgenMers
2020-03-02 12:09:02
Kyrgyz40,акты ак караны кара дейт экенсиң молодец
+3
marat_1910
2020-03-02 12:57:20
оюн жогорку денгелде болду болгону барса озунун мумкунчулук колдоно албады. а так реалдын куйормандарын куттуктайм
0
Migrant-rf
2020-03-02 17:56:10
Реалдын оюнчулары бул күндү алты жылдан бери күтүп келишти, ошого бар күчүн топтоп жакшы ойношуп жеңип алышты)).
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан