25-февралдан 26-февралга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда жаштар арасында дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдештин биринчи күнү кыз-келиндер арасында төрт салмакта - 44, 48, 52, 57 килограмм жана балдар арасында үч салмакта - 55, 60, 66 килограмм салмактык категориядагы чемпиондор менен байгелүү орундардын ээлери белгилүү болду.
26-февраль күнү кыз-келиндер арасында - 63, 70, 78, +78 килограмм салмакта; балдар арасында 73, 81, 90, 100 жана +100 килограмм салмактагы кармаштар жүрүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Жаштар арасында өлкө биринчилигине Бишкек, Ош шаарлары жана облустардан спортчулар катышып, алардын жалпы саны 275 болсо, 202си балдар, 73ү кыздар болду.
Аталган иш-чара спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы менен өлкөнүн Дзюдо федерациясы тарабынан өткөрүлдү.