29-февралда алматылык "Кайрат" клубу экинчи командасы болгон "Кайрат Жастар" командасы менен эки жолу жолдоштук беттеш өкөрдү. Бул жолдоштук беттеште кыргыздын таланттуу, жаш футболчусу Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубунун курамында алгачкы голун жаратты. Бул тууралуу аталган клубдун сайтына жарыяланды.
Биринчи жолдоштук беттеш 2:0 эсеби менен аяктаса, экинчи жолдоштук беттеште Гүлжигит Алыкулов гол киргизди. "Кайрат" клубу эки оюндун жыйынтыгы менен 5:0 эсебинде жеңишке жетти.
Маалыматка ылайык, Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубуна январь айында өткөн.