Депутат Дамира Ниязалиева акимди губернатордун сунушу менен дайындоо туура деп эсептейт

ЖКнын депутаты Дамира Низалиева акимди губернатор сунуштап, өкмөт башчы дайындоо тартибин туура деп эсептейт. Мындай пикирди депутат 23-августта Ысык-Көлдө аймактык-административдик реформалоо долбоорун талкуулаган тегерек столдо айтты. "Мен акимди өкмөт башчы дайындайт дегенге кошулам, бирок аким болчу кишини губернатор сунушташы керек",- деди ал. Ал эми айыл өкмөт башчысын аким дайындашы керек. "Ушундай жол менен биз бийликтин вертикалдуулугун калыбына келтиребиз. Муну өкмөт башчыга жүктөгөнүбүз оң, ал иштин бардык жыйынтыгына жоопкер болот. Бирок мен аким аймактагы бийлик органдарынын башчыларын дайындайт дегенге каршымын",- деди Ниязалиева. 

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан