Орусияда 13 жаштагы бала оюн приставкасынын айынан өз жанын кыйды. Ал жаңы төрөлгөн инисин күтүп жаткан

Орусияда 13 жаштагы бала жакындары андан оюн приставкасын алып койгону үчүн өз жанын кыйган. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта баланын мектептеги начар баалары үчүн жакындары оюн приставкасын алып коюшканы айтылат.

"Кырсык 1-мартта орун алган. Окуучу баланын апасы төрөтканада жаткан. Ал баласынын электрондук күндөлүгүн текшерип коюуну чечкен. Күндөлүктө бардык сабактары боюнча "2" деген бааны көргөн апасы, баланын чоң апасына чалып, оюндарга тыюу салып, приставканы алдыртат. Буга таарынган бала бөлмөсүнө бекинип алган. Бир канча убакыттан кийин баланын өгөй атасы сарсанаа болуп, эшикти талкалап кирет. Атасы баласынын дем албай жатканын көрүп, дароо "Тез жардам" чакырган. Алар келгенде бала муунуп каза болуп калганын аныкташкан. Алдын ала маалыматтар боюнча бала кимоно кийиминин куру менен муунуп каза болгон. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери дагы келип, баланын кимоносунун курун, ноутбугун, мобилдик телефонун алып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.

Каза болгон окуучу спорттун самбо түрү менен алектенгени айтылат. Ал төрөтканадан келчү кичинекей иниси менен апасын күтүп жатканы маалымдалат. Окуя боюнча тергөө башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан