Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу 5-мартта болору айтылууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу 5-мартка белгиленген. Анда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бир күндүк иш сапары менен Орусияга келери айтылууда. Эки өлкөнүн президенттери бул жолугушууда Идлибдеги кризис тууралуу сүйлөшүү жүргүзүшөт.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песковдун пикири боюнча, бул эки тараптуу жолугушуу олуттуу экендигин билдирген.
Белгилей кетсек, Идлибдеги абал январдын аягындагы согушкерлердин чабуулунан кийин курчуй баштаган. Февраль айынын башында Дамасктагы согушкерлердин аракеттерине каршы Сириянын чабуулдарында түркиялык бир канча аскер кызматкерлери каза болгондугу маалым болгон.