1-мартта Индонезиянын Лига-1 чемпиондугунун жаңы сезону башталды. Футбол боюнча Кыргыз Улуттук курамасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев жаңы клубунда алгачкы беттешин өткөрдү. Бул тууралуу Футбол союзунан билдиришти.
Тамирлан Козубаевдин "Персита Тангеранг" командасы 1-турда "Бали Юнайтед" командасы менен кез келди. Оюн 0:0 эсеби менен аяктады. Тамирлан Козубаев негизги курамда чыгып, беттешти толугу менен өткөрдү.
Эске салсак, Тамирлан Козубаев "Персита Тангеранг" командасына ушул жылдын январь айында кошулган.