Бишкекте кыргыз күрөш боюнча өлкө чемпиондугу болуп өттү

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда кыргыз күрөш боюнча өлкө чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бул турнир 1-2-март күндөрү өткөрүлүп, мелдешке 7 салмак категорияда (55, 60, 66, 74, 84, 96 килограмм салмакта жана 96 килограммдан жогору) бардык аймактардан 350дөн ашык балбандар келип күч сынашты.

Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгы боюнча кыргыз күрөш боюнча Кыргыз курама командасы түзүлүп, алар быйыл Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк IV көчмөндөр оюндарына жана 2020-жылы өтүүчү Дүйнөлүк чемпиондукка даярдык көрүшөт.

Чемпиондук Кыргыз күрөш федерациясы жана Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду. Дирекциянын бюджетинен 169 миң сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан