UFC уюмунун чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедов америкалык профессионал боксчу Флойд Мейвезер менен мушташканга макул экенин билдирди. Бул тууралуу UFC чемпиону "TMZ" сайтына берген маегинде билдирген.
"Мен Мейвезер менен 11 раунд бокс эрежеси жана 1 раунд MMA эрежеси менен мушташканга даярмын. Ал мушташкысы келсе UFC'ге кош келипсиң демекчимин. UFC'де чыныгы мушташ болот. Мен жөн гана мушкер эмесмин, мен ММА мушкеримин. Мейвезер менин атамдай болгон киши. Ал мушташууга макул болсо, аны кантип бетке согорумду дагы билбейм", - деп билдирген орусиялык мушкер.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы Хабиб Нурмагомедовдун MMA'де 28 беттеште 28 жеңиши бар болсо, 43 жаштагы Флойд Мейвезердин бокс боюнча карьерасында 50 беттеште 50 жеңиши бар.