Ата жолун улап келаткан режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы орусиялык беделдүү "Ника" кино сыйлыгына көрсөтүлдү. Тасманын режиссёру SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"2-мартта Москвада 33-орусиялык Улуттук кинематографиялык "Ника" сыйлыгынын талапкерлеринин тизмеси чыкты. "КМШ, Грузия жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" наамына 5 талапкерлердин арасында биздин «Жөө Күлүк» тасмасы да көрсөтүлдү. Быйыл сынакка жалпысынан 120 тасма: 53 көркөм тасма, 47 документалдык, 20 анимациялык тасма билдирме калтырган. Сыйлыкты тапшыруу аземи 29-мартта Москва шаарында өтмөкчү", - дейт Мирлан Абдыкалыков.
Эске салсак, 2018-жылы Мирлан Абдыкалыковдун дебюттук "Сүтак" тасмасы Кыргыз өлкөсүнө алгачкы ирет "Ника" сыйлыгын алып келген.