Бүгүн, 3-мартта Иорданиянын борбору Амман шаарында бокс боюнча Азия чөлкөмүндөгү "Токио 2020" жайкы олимпиада оюндарына тандап алуу турнири старт алат.
Бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиевдин жетекчилиги астында 6 мушкер катышат.
Бүгүн рингге чыга турган мушкерлердин тизмеси:
1. 57 килограмм салмакка чейин: Акылбек Эсенбек уулу - Гаурав Соланки (Индия);
2. 63 килограмм салмакка чейин: Арген Кадырбек уулу - Шани Санил (Непал).
4-мартта:
3. 52 килограмм салмакка чейин: Азат Усеналиев - Риомей Танака (Япония);
4. 69 килограмм салмакка чейин: Нурсултан Маматалы - Шерали Мамадалиев (Тажикстан).
5-мартта:
5. 75 килограмм салмакка чейин: Өмүрбек Бекжигит уулу - атаандашы азырынча белгисиз;
6. 81 килограмм салмакка чейин: Эркин Адылбек уулу - атаандашы азырынча белгисиз.