Казакстандын энергетика министринин мурдагы орун басары Мухтар Жакишев эркиндикке чыкты

Казакстандын энергетика министринин мурдагы орун басары Мухтар Жакишев мөөнөтүнөн мурун шарттуу түрдө эркиндикке чыкты. Бүгүн, 3-мартта Семей шаардык соту анын арызын канааттандырды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Мухтар Жакишев Казакстандын соту тарабынан 2009-жылы коррупция айыбы менен 14 жылга соттолгон. Укук коргоочулар анын саясий туткун экенин белгилеп келишет.

"Мухтар Жакишевдин мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчү буга чейин эки жолу четке кагылган. Сот бул чечимдерин мамлекетке келтирилген 99 миллиард 6 миллион теңгенин (261 миллион доллар) казынага кайтарылбаганы менен түшүндүргөн.

Чечим мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек. Эгер прокурор каршылык билдирбесе, Жакишев 15 күндөн кийин эркиндикке чыгат.

Соңку жылдары Мухтар Жакишевдин саламаттыгы кескин начарлап кеткен. 2018-жылы ал 3-топтогу майып деп табылган", - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү укук коргоочулар Жакишев Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин эң башкы саясий душманы эсептелген саясатчы Мухтар Аблязов менен дос болгону үчүн гана камалганын айтып келишет.

2015-жылы БУУнун адам укуктары боюнча комитети Жакишевдин даттануусунун негизинде анын укуктары бузулуп жатканын билдирип, казак бийлигин аны абактан бошотууга чакырган. Расмий Нур-Султан Мухтар Жакишевдин ишинде саясий боёк жок экенин билдирип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан