Ак куулар сүзүп жүрөт. Улуу Британияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам шаарды суу каптады

Улуу Британияда катуу бороондон улам шаарларды суу каптап, өлкөнүн түндүк аймагына өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Испаниядан келген "Хорхе" бороонунун кесепетинен өлкөдө катуу жаан менен шамал дагы деле токтой элек. Улуу Британияда бир ай ичинде катуу бороон жана нөшөрлөп жааган жамгыр үчүнчү ирет кайталанууда. Туруксуз аба ырайынан улам өлкөнүн бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан бир катар шаарларды суу каптап, жашоочулар эвакуацияланган. Ал эми Вустер шаарын суу каптап, анда ак куулардын сүзүп жүргөндүгүн көрүүгө болот. Синоптиктердин айтымында, мындай кырдаал дагы 10 күнгө созулушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан