Кыздар арасындагы күрөш боюнча Кыргыз улуттук курамасы башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында Орусияда окуу-машыгуу жыйындарын өтүп жүрүшөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
"Бул окуу-машыгуу жыйынына 1 машыктыруучу 4 кыз болуп кетишкен. Мындай окуу-машыгуу жыйыны спортчуларды эл аралык турнирлерге даярдоо максатында жыл сайын уюштурулат. Бул окуу-машыгуу жыйыны 1-марттан 14-мартка чейин болот. Алар Москва шаарындагы "Озеро Круглое" аттуу спорттук базасында окуу-машыгуу жыйынын өтүп жүрүшөт", - деп билдиришти агенттиктен.
Окуу-машыгуу жыйынын өтүп жүргөн Кыргыз курамасы:
1. 57 килограмм салмакка чейин: Нураида Анаркулова;
2. 59 килограмм салмакка чейин: Назира Марсбек кызы;
3. 62 килограмм салмакка чейин: Айсулуу Тыныбекова;
4. 76 килограмм салмакка чейин: Айпери Медет кызы;
Башкы машыктыруучу: Нурбек Изабеков.