Америкалык "Apple" компаниясы эски үлгүдөгү айфон смартфондорунун функцияларынын жай иштеп жаткандыгына байланыштуу колдонуучуларга компенсация төлөп бергенге даяр экендигин билдиришкен. Компенсациянын көлөмү жалпысынан 500 миллион долларга чейин жетери күтүлүүдө. Мындай маалыматты дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Apple" компаниясынын компенсация төлөөсүнө функцияларды жаңылоо мезгилинде эски үлгүдөгү смартфондордун иштөөсү жайлап, ыңгайсыздыктар жаралгандыгы себеп болгон. Мындан улам iPhone 6, 6 Plus, 6s, 6s Plus, 7, 7 Plus жана SE смартфондорунун колдонуучуларынан даттануулар келип түшкөн. Мүчүлүштүктөр жаралган смартфондорду жаңылоо максатында компания өкүлдөрү мындай чечимге, тактап айтканда, компенсация төлөөгө макул болушкан.
Ар бир колдонуучуга 25 долларга жакын каражат тийиши мүмкүн экендиги күтүлүүдө.