Ысык-Көлдө "чума илдетинен каза болушу мүмкүн" деп шектелген жарандын дарты 5 күндөн кийин билинет

Ысык-Көлдө "чума илдетинен каза болушу мүмкүн" деп шектелген жарандын дарты 5 күндөн кийин белгилүү боло турганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. "Каза тапкан баланын кандайдыр бир оорулары болушу мүмкүн. Учурда тийиштүү анализдер алынып, анын булчуңдарын иликтөө иштери жүрүп жатат",- деп айтылат билдирүүдө. Анын өлүмүнүн себеби 4-5 күндөн кийин белгилүү боло турганы да айтылды.  

Айта кетсек, 22-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жашаган 14 жаштагы бала ооруканага оор абалда жеткирилип, каза болуп калган эле. Аны тоодон суур тиштеп алганы айтылып, бала чума оорусун жуктуруп алып каза болуп калды деген божомолдор айтылып, экспертиза дайындалган болчу. Каза болгон Темирбек Исакунов Ичке-Жергез айылынын тургуну экендиги белгилүү болду.  

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан