Бишкекте 22-августта болгон 2 жол кырсыгынан 2 адам каза тапты. Муну 23-августта Бишкек ШИИББи кабарлап, окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.
Биринчи кырсык шаардагы Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде саат 00:05 чамасында болду. Тойота менен кагылышкан БМВ унаасы жакын жердеги жөө жүрүүчүнү сүздү. 18-20 жаштардагы жабыркаган жигит ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калды. Анын өздүгү такталууда, жанында документтери болгон эмес.
Ал эми саат 20:40 чамасында Ахунбаев көчөсүнөн БМВнын айдоочусу унаасы менен 17 жаштагы Жайыл районунун тургунун сүзүп кеткен. Жаракат алган жигит окуя болгон жерден көз жумду. ШИИББдин билдиришинче, эки айдоочу тең мас абалында болушкан.