"Шеринелештердин сунушу менен эски ырыма клип тарттырдым" дейт "Супер хитке" чыгармасы кошулган KG Эльмурат

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун KG Эльмураттын "Издедим" клиби толуктады. Ырчынын айтымында, бул чыгарманын обону бир канча жыл мурда жазылган.

"Өзгөндүн өнөрпоздору шеринесинин мүчөлөрү ушул ырымды жакшы деп баалашып, клип тарттырууну сунушташкан. Клип тартуу процессинде айдоочуларга тоскоолдук жараттык. Ал эми башкы каармандын ролундагы жигит велосипедди уруксаты жок алгандыктан, чындап эле көзүнө муш жеген", - дейт ал.

26-ФЕВРАЛДАН 4-МАРТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Мурат Ниматовдун "Келинчегим бол" видеоклиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунга - Айганыш Абдиеванын "Өтөр, кетер" аталышындагы чыгармасы жайгашты.

8-орунду - Султан Садыралиевдин "Ыраазымын сага" видеокомпозициясы ээледи.

7-орун - Айдана Деканын "Сезим менен" аталышындагы чыгармасына буюрду.

6-орунду - Турдакун Ниязалиевдин "Асыл апам" видеоклиби багындырды.

5-орунга - Үмүтай Абдышованын "Жүрөктө сүйүү боздойт" чыгармасы жайгашты.

4-орунду - Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" видеокомпозициясы камсыздады.

3-орунду - Айгерим Расул кызынын "Тумарым" чыгармасы ээледи.

2-орун - Тотомидин Жолдошов менен Сурманын "Эгиздердин арманы" чыгармасына буюрду.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Динара Тилекееванын "Апакем" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2020-03-04 14:59:48
Общим начар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан