Франциянын Марсель шаарындагы ооруканадан белгисиз жарандар 2 миң даана медициналык бет кап уурдап кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта бул бет каптар дарыгерлер жана хирургия бөлүмүнүн бейтаптары үчүн камдалганы айтылат.
"Учурда бул кылмыштын бетин ачуу үчүн ички иликтөө иштери башталды. Бет каптарды уурдоо бир эле адамдын колунан келмек эмес. Демек бул жерде бир нече адамдан турган топ иштеген. Азырынча кылмышкерлер аныктала элек" , - деп айтылат маалыматта.