Францияда куралчан киши өзүнүн кош бойлуу аялы менен беш баласын барымтага алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Окуя болгон үйгө полиция кызматкерлери келгенде, кылмышка шектүү аларды көздөй ок аткан. Андан эч ким жаракат алган эмес. Полиция кызматкерлери эркек киши менен сүйлөшүү жүргүзгөнгө аракет кылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, киши мындай кадамга үй-бүлөдөгү келишпестиктен улам барган. Жубайын барымтага алган киши 34 жашта экени жана психолигиялык жактан жабыркаганы белгилүү болгон" , - деп айтылат маалыматта.
Кийин куралчан адам колго түшүрүлгөнү жана окуядан эч ким жаракат албаганы маалым болду.