Бишкекте жумушсуздар жарым жылда 3 миллион сом насыя алышты

Бишкекте убактылуу иштебеген жарандардан түзүлгөн 30 топ быйыл микрокредит алышты. Маалыматты 23-августта Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыбек Усупбеков айтты. Айтымында насыя алгандардын көпчүлүгү аялдар. 16 топ насыяны коомдук тамактануучу жай куруу үчүн, 9 топ өндүрүш ишканасы жана устакана ачууга, 3 топ айыл чарба тармагына жумшоого жана 1 топ курулуш үчүн алган. "Чакан насыялар шаардагы жаштарга жана алардын жакындарына иш ордун түзүүгө жардам берет",- дейт Усупбеков. Жарым жылда 3 миллион сомдук насыя берилиптир.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан