Футбол боюнча Кыргыз курамасынын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков Бангладеш чемпиондугунун жаңы сезонунда алгачкы голун жаратты. Бул тууралуу Футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн 4-мартта Бангладеш Премьер-Лигасынын төртүнчү турунун алкагында Бахтияр Дүйшөбековдун "Башундара Кингс" командасы "Рахматгонж" командасы менен кез келген. Бахтияр Дүйшөбеков негизги курамда оюнга чыгып, оюндун 45-мүнөтүндө гол жараткан. Бул көрсөткүчү менен ал жаңы сезондогу алгачкы голун жаратты.
Бахтияр Дүйшөбеков "Башундара Кингс" командасында 2018-жылдан бери ойноп келет.