Кара-Көлдөгү автокырсыкта сууга агып кеткен 5 жашар баланын денеси табылды
21-августта Кара-Көл шаарындагы автокырсыкта сууга агып кеткен 5 жашар баланын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Айдар Миталиповдун жансыз денеси бүгүн, 23-августта Бишкек - Ош жолунун 374-чакырымынан табылды. Сууга аккан дагы бир жаран табыла элек. Издөө иштерин ӨКМнын 16 куткаруучусу жана Кара-Көл шаарындагы №718-аскер бөлүгүнүн 19 жоокери улантууда. Эскерте кетсек, 21-августта Ош-Бишкек жолунда ири автокырсык болуп, 7 адам каза болгон (эң кичүүсү 3 жашта). Ичинде 8 жүргүнчүсү бар автоунаа сууга түшүп кетип, каза болгон эки адамды суу агызып кеткен болчу.
Кудай сактасын. Быйыл адам олуму мынча эле коп болуп атат.
0
tynara81
2013-08-24 18:09:16
Жаш балдардын мерт болгону окунучтуу(( Ылдамдыкты ашырып кайда шашышат дейм да, оздорунун гана эмес ошончо кишинин омурун тобокелге салып.
0
kg.boys86
2013-08-25 01:41:35
Правый руль машинелердин айынан болуп жатат да ушулар!!!
0
Nurelim
2013-08-25 01:56:52
bul da bolso bewenede bar tartkylyk eken da,ar bir adamga je tiruu janga ajal ar turduu kelet.Owol aidoochu je bolgon okuia jon gana bir sebechi bolup kalat da.Ech kimdi kunooloi albaibyz,eger KG.BOYS86 ga okwop oilogondordun eesine mawinanyn rulu kaisy tarapta bolbosun,okugan aidoochu bolso barky jok,erejeni buzbai aidait da,oilonup korolu kunoo aidoochuda bolup jurbosun,aidoochuluk kuboluktu,satyp algan bolso kerek da.Pravany akchaga satkan MAI kyzmaty ozu kunoolu uwuga.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.