Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт Бангладеш чемпиондугунда экинчи голун жаратты. Бул тууралуу Футбол Союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бангладеш Премьер-Лигасында Эдгар Бернхардттын "Абахани Лимитед" командасы "Мохамеддан Дакка" командасы менен кез келген. Бернхардт негизги курамда оюнга чыгып, оюндун 33-мүнөтүндө гол жараткан. Бул көрсөткүчү менен ал жаңы сезондогу экинчи голун жаратты. Беттеш 4:0 эсебинде "Абахани Лимитед" командасынын жеңиши менен аяктаган.
Эдгар Бернхардт "Абахани Лимитед" командасына былтыркы жылдын ноябрь айында кошулган.