"Puma" компаниясынын кроссовкилери Адольф Гитлерди элестетет деп сынга кабылды

Германиялык белгилүү спорттук бут кийимдер бренди болгон "Puma" фашизмге айыпталып жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Анда компанияны сындап жаткандар "Puma'нын" кроссовкаларына түшүрүлгөн түстөрдүн айкалышынан саясий жана мамлекеттик ишмер, фашисттердин лидери болгон Адольф Гитлердин сүрөтүн байкашканы айтылат.

Спорттук бут кийимдердин бул топтому 2019-жылдын күз-кыш мезгилине арналып чыгарылган. Бут кийимди үстү жактан караганда андагы сүрөт Гитлердин кыйгач кыркылган маңдай чачын жана кыска муруттарын элестетет.

Кырдаалды "Puma" компаниясынын негиздөөчүсү Рудольф Дасслер жана анын агасы Адольф фашисттик режимдин колдоочулары болгону күчөтүп жиберген. Буга байланыштуу аталган компаниянын айланасында бир топ сын-пикир жаралып, ал жаңжалга айланып баратканы айтылат маалыматта.

Ошол эле маалда социалдык тармактын орус тилдүү колдонуучулары бут кийимдин сүрөтүн орус адабиятынын классиги Николай Гоголго дагы окшоштуруп жибергенге жетишкен.

Ал эми "Puma" компаниясы бул салыштыруу жана фашисттик маанай тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aerforce
2020-03-05 13:24:12
Гитлердин бети бут кийимде боло берсин
+2
Wibee
2020-03-05 15:10:26
Гитлер туура эле кылган экен нацистерге кол салып. Бирок нацистер өлбөй орто азия элдери кырылып кала жаздадык
+4
Avrora2017
2020-03-05 19:11:42
Wibee,gitler ozu natsis bolso kantip natsisterge kol salmak ele, evreilerge desen
+7
aerforce
2020-03-05 19:24:32
Гитлер басып алганла корот элем гей парадтты
0
Tiken
2020-03-06 00:47:34
Мага жагат Pumaнын кийимдери ...
+1
al-abu-kinesz
2020-03-06 10:15:34
Кайра жакшы да Гитлерди ар ким сасытып тебелеп кийип журот. Асфальтталбаган жолдордо былчылдатып ылай кылып. Даже суротуно окшош сурот да кор болмок.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-06 10:46:34
Гогольго окшош экен негизи)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан