Бишкек шаарында төрөлгөн, учурда Орусия курамасынын жана "ЦСКА" (Москва) командасынын жарым коргоочусу Ильзат Ахметов 4-мартта болгон "Спартак" - "ЦСКА" беттешинде гол жаратты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Ильзат Ахметов Орусия Кубогунун 1/4 финалындагы москвалык дерби болгон "Спартак" - "ЦСКА" беттешинде негизги курамда оюнга чыгып, оюндун 45-мүнөтүндө гол жаратты. Беттеш 3:2 эсебинде "Спартак" командасынын жеңиши менен аяктады. Ильзат Ахметов "ЦСКА" клубунда 2018-жылдан бери ойноп келет.