Филиппин өлкөсүнүн улуттук полиция кызматынын башчысы Арчи Гамбоа бара жаткан тик учак кырсыкка кабылып, жерге кулап түшкөн. Окуя Лагун провинциясында бүгүн, 5-март күнү эртең менен орун алган. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тик учак кулагандан кийин полиция кызматынын башчысы Гамбоа өтө олуттуу эмес жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Кырсыктын келип чыгуу себеби катары тик учактын электр чубалгыларына урунуп, кулагандыгы айтылууда. Учакта жалпы 8 киши болгон жана алар ар кандай жаракаттарды алганы анык болду. Ал эми авиакырсыктын келип чыгуу себеби дагы да болсо эксперттер тарабынан такталып жатат.