Түрк парламентинде депутаттар мушташты

Түрк парламентинин жыйыны учурунда депутаттардын ортосундагы пикир келишпестиктен улам чыр чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, чыр оппозициялык "Элдик-республикалык" фракциясынын жетекчисинин орун басары Энгин Өзкочтун Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын дарегине карата айтылган айыптоо сөзү үчүн чыккан. Анда ал өлкө башчысын Сириянын президенти Башар Асад менен Идлибдеге абал боюнча сүйлөшүү жүргүзө баштаганын сындап, саткын деген.

Мындан сырткары депутат каза болгон түрк аскерлери жөнүндө айтып жатып, Эрдогандын дарегине орой сын айткан. Бул учурда Эрдоган жетектеген "Чындык жана өнүгүү" партиясынын депутаттары Түркия президентин айыптоо пикирине каршы чыгышкан.

Мындай сөздөр "Чындык жана өнүгүү" партиясынын депутаттарын тез кыймыл жасоого мажбур кылып, массалык урушка алып келген. Ошентип эки партиянын депутаттарынын ортосундагы чырдан улам парламент жыйыны үзгүлтүккө учураган.

Түркия парламентинде мушташ орун алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bessmertiy
2020-03-05 23:08:29
Бириң өлүп бириң кал.
+9
keku00
2020-03-05 23:32:57
Биз туркторго парламент, демократия жарабайт. Биздин арабызда баатырлар коп , и ошончо саткындар да коп. Ошондуктан коркутуп башкаруу (диктатура) же ханга баш ийуу (президенттик) жолу эн туура биз учун. Депутат-мепутат ырыны ырдап кордук, унубуз келбейт экен ага. Ырдын созу, аранжировкадан катуу чыгып жатат гор гор деп))
+14
Wibee
2020-03-06 09:47:50
keku00,меен ордундабы?диктатура болгондо Түндүк Кореа же Түркменстан же Өзбекстан болгуң келип жатабы.Акшдай демократияны түзүшүбүз керек
-1
keku00
2020-03-06 18:53:10
Wibee,Мал! Тундук Кореяда калктын 95% бактылуу. Узбекистанда 98% бактылуу.Туркменистанда да калктын 96% бактылуумун деп эсептейт озулорун. Демократия– эч жерде болгон да эмес, болуп да жаткан жери жок, мындан кийин да болбойт. Элдин баары алданып эле журушот любой жерде. Биздин элди коркутуп башкарбасан баш ийишпейт. Олум жазасын киргизиш керек (оз кызы менен зынаа кылгандарга, бачабаздарга, полит проституткаларга за гос измену и.т д)
+3
Belek1710
2020-03-05 23:42:46
Мусулман менен мусулманды уруштуруп коюп 3чү тарап карап турат, мусулман калкы бир бирин өлтүрүп кырылып атышат бечаралар, согуш болбосун эч жерде
-2
futboler
2020-03-06 02:04:44
Арзыматтар
+3
nuke-85-85
2020-03-06 12:11:28
Тооба кылдым. Кимин байкадын баарында эле чачы жоктор го. :))
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан