Нарын облустук академиялык театрынын директору Темирлан Сманбеков жана Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору Жолдошбек Аманкулов кызмат орду менен алмашты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
"Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык драма театрынын директору Темирлан Сманбеков Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директорлугуна, ал эми Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору Жолдошбек Аманкулов Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык драма театрынын директорлугуна которуу жолу менен дайындалды", - деп жазылат маалыматта.