Бразилия улуттук курамасынын жана "Барселона" клубунун мурунку оюнчусу, профессионал футболчу Роналдиньо жасалма паспорт менен Парагвай мамлекетинен кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ички иштер министри Эуклидеса Асеведого таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Роналдиньо жана анын тууганы жасалма паспорт колдонгон деген шек менен мейманканалардын биринен кармалган. Бул окуяны Парагвай мамлекетинин укук коргоо органдары иликтей баштады.
2018-жылы Роналдиньо салыктарды төлөбөй койгондугу үчүн жалпы жарандык паспортунан ажыраган, ошондой эле Бразилиянын Порту-Алегри шаарына үй салып жаткан учурда айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн мамлекет тарабынан 2 миллион 200 миң доллар айып салынган.