Владимир Путин жана Режеп Тайып Эрдоган Идлибдеги абалды жөнгө салуу тууралуу макулдашты

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Москвада болгон жолугушуусунда Сириянын Идлиб провинциясындагы абалды жөнгө салуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу кечээ, 5-мартта Москвада болуп өткөн. Анда алар 6 саат бою Идлибдеги абалды жөнгө салууну талкуулашкан. Бул келишимдин негизинде Идлиб деэскалация зонасындагы согуштук аракеттер 6-марттан баштап токтошу керек.

Мындан сырткары Москва жана Анкара Идлибден түндүктөн түштүккө чейинки 6 километр чакырым М-4 трассасындагы коопсуздук коридорун түзүшөрү айтылды. Ал эми 15-марттан баштап орус-түрк патрулдук кызматкерлери Идлиб провинциясындагы М-4 трассасын көзөмөлдөй тургандыгы кошумчаланды. Ошондой эле эки өлкө террорчулукка каршы күрөшүүдө чечкиндүүлүк менен кадам таштарын билдиришти.

Владимир Путин Режеп Тайып Эрдоганга бул көйгөйдү чечүү максатында Орусия өлкөсүнө болгон сапары үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Идлибдеги абал январдын аягындагы согушкерлердин чабуулунан кийин курчуй баштаган. Февраль айынын башында Дамасктагы согушкерлердин аракеттерине каршы Сириянын чабуулдарында түркиялык 36 аскер кызматкерлери каза болгондугу жана 30 адам жаракат алгандыгы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekmaral
2020-03-06 21:20:37
Москва олкосу барбы.Же биз дагы Бишкек олкосу деп айтсак болобу.
0
Wibee
2020-03-07 01:47:04
Желмогуз Эрдоган түлкү Путин тарткыла Сириядан колуңарды!Силердин айыңардан канчалаган беебечара карапайым эл кырылып жатат бети жок бетбаптар дүйнөнү басып алган калдыңар желмогуздар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан